Иран — Кыргызстан футбол оюну "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы LED экрандан көрсөтүлөт

Кыргызстан курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун алкагында бир катар оюн өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Иран — Кыргызстан футбол курама командаларынын беттеши "Ала-Тоо" аянтына коюлган LED экрандан түз көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди.
Белгилей кетсек, беттеш 5-сентябрда Бишкек убактысы менен саат 22:00дө Иранда болот. Ал эми 10-сентябрда улуттук команда Өзбекстан менен Бишкекте ойнойт. Бул — 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы оюндар. Аталган баскычка команда биринчи жолу жетти.
Кыргызстан курамасы Стамбулда (Түркия) окуу-машыгууларды 3-сентябрга чейин өткөрөт.
Чемпиондор лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчу Роналдуга сыйлык тапшырылды