Радио

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын аудитинен ийгиликтүү өттү

Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы Бектур Джумалиев өлкөнүн аэропорттору сертификациялоо улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлгөнүн айтты.
Sputnik
Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Эл аралык жарандык авиациянын (ИКАО) масштабдуу аудитинен ийгиликтүү өттү. Текшерүү авиациялык коопсуздук боюнча журүп, болжолдуу оң баа берилди. Бул тууралуу Бектур Джумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин авиациялык коопсуздук боюнча ИКАОнун аудити 2017-жылы өткөн.

"Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги 2023-жылы учуу коопсуздугу боюнча Эл аралык жарандык авиациянын аудитинен өткөн. Эми авиациялык коопсуздук боюнча аудиттен өтүп бүттү. Аудиттин жыйынтыгы эки айдан кийин чыгарылып, тиешелүү чечимдер болот. Бирок көп ийгиликтер, өзгөрүүлөр, жылыш болгонун айтышты. Буга чейин мындай аудитти 2017-жылы жасап, анда 81,4 пайыздык көрсөткүчкө жеткенбиз. ИКАОнун аудиторлору көрсөткүч жогору болорун болжошту. Мындан тышкары, өлкөнүн аэропорттору сертификациялоодон өттү. Ал улуттук жана эл аралык стандарттарга, талаптарга ылайык жүргүзүлгөн. Аттестациянын бүтүшү аэропорттордун адистеринин жогорку кесипкөйлүгүн жана учактарды, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө даярдыгын көрсөтөт", — деди Джумалиев.

Ошондой эле ал Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин инспекторлору окутуу курстарынан өтүп, квалификациясын жогорулатканын кошумчалады.