Баткенде 28 жаштагы киши шарап куйган идишти тазалап жатып кайтыш болду

Баткен РИИБи фактыны каттоого алып, текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Баткенде шарап куйган 10 тонналык идишти тазалаган эки киши ууланып, бирөө көз жумду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Окуя 31-августта Баткен районунун Чоң-Талаа айылында болгон.
"Шарап сактоочу жайдагы 10 тонналык идиштерди тазалап жаткан 51 жана 28 жаштагы кишилер ууланып калган. Тилекке каршы, 28 жаштагы жаран ооруканага жетпей ошол жерде каза болуп, жакындары соттук-медициналык кароодон баш тартып, сөөктү ооруканадан алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Баткен РИИБи бул фактыны каттоого алып, текшерүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Радио
Абамуслимова: тамакка уулангандар ооруканага кеч кайрылып жатышат