Президент жаратылыш министринин милдетин аткарууга Медер Машиевди дайындады

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Азис Сапаралиев мурда жүктөлгөн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми президенттин дагы бир жарлыгы менен бул кызматка Медер Машиев дайындалды.
Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эске салсак, Сапаралиев 2-июлда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды