Стоматолог айрым балдар эмнеге тишин кычыратарын түшүндүрдү

Бала күндүз тиштерин катуу кийиштирип жүрсө, түнү дайыма кычыратса стоматологго көрсөтүү зарыл. Стоматологдун тиешеси жок болсо психолог менен невропатологго алып баруу кажет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Балдардагы стресс алардын тиштеринин саламаттыгына терс таасир бериши мүмкүн экенин стоматолог Алексей Антипенко Sputnik радиосуна курган маегинде айткан.
Стоматолог жайкы каникул бүтүп, жаңы окуу жылы башталганда айрым балдар стресске кабылышы мүмкүн экенин белгилеген. Мындан улам бала түнү уктап жатканда тишин кычыратат (бруксизм). Ал ошондой эле бала көңүлдү бир жерге коюуда астыңкы-үстүңкү тиштерин бири-бирине катуу тийиштирип көпкө турушу мүмкүн экенин, бул дагы бруксизмге алып келерин айткан.

"Баары баланын психикасына байланыштуу болот. Бирок балдар каникулдан кийин кайрадан классташтарына, коомго аралашканда жашоо образы өзгөрүп, кандайдыр бир стресске кабылат. Мындан улам ал түнү тишин кычыратышы мүмкүн. Дагы бир жагдай, сезимтал балдар түнү уктаар алдында ага таасир бере турган видео, мультфильмдерди көрсө, таттууларды ашыкча жесе нерв системаларына таасир берип, бруксизмди жаратышы ыктымал", – деген Антипенко.

Айрым учурда бала физиологиялык өзгөрүүлөрдөн улам тишин кычыратат.
"Сүт тиштер түшүп, кийинки тиштер чыгып жатканда баланын жаак-сөөктөрүнө таасир берет. Анда жаак мурдагы көнгөн ордуна дал келе албай бала тишин кычырата баштайт. Бул негизинен алты жаштан 12 жашка чейин болушу мүмкүн. 14 жашта баланын тиштери калыптанып калат", – деп түшүндүргөн стоматолог.
Адис ата-энелер бала тишин артыкча түнкүсүн көп кычыратуусуна жол бербеши керектигин белгилеген. Эгерде ал күндүз кечке тиштерин катуу тийиштирип жүрсө, түнү дайыма кычыратса стоматолог-ортодонтко көрсөтүү зарылдыгын кошумчалаган. Айтымында, стоматологдун тиешеси жок болгон учурларда психолог менен невропатологго алып баруу зарыл.
Стоматолог тишти буза турган төрт адатты атады