Бишкекте от жанган фонтандар качан иштээрин айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Баш калаадагы "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар иштетүүгө даяр, алар 14-15-сентябрдан тарта көрүүчүлөрдү кубантып баштайт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга мэриядан билдиришти.
Борбордук аянттагы оңдоо иштери жакында соңуна чыкмакчы.
"Майрамдан кийин уюштуруучулар тиешелүү жабдууларды чечкенден кийин иштер кайрадан башталат. Жасала турган азыраак жерлер калды", — деп айтышты шаар бийлигинен.
Сахнаны жана башка техника, курулуштарды 10 күндүн ичинде алып бүтөрүн кошумчалашты.
"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Видео