“Ала-Тоо” аянтындагы майрамда 502 бала ата-энесинен адашып калган

Борбордук аянтка 80 миңден ашык адам келген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанатта Бишкектеги “Ала-Тоо”аянтынан 502 бала ата-энесинен адашып калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ маалымдады.
Билдирмеге ылайык, балдардын баары табылып жакындарына кайтарылган.
Милиция майрамдык салтанатта аянтка 80 миңден ашык адам келгенин кошумчалады. Кечеде өзгөчө кылмыштуу окуялар катталган эмес, коомдук тартипти бузгандарга административдик чаралар көрүлгөн.
Эгемендүүлүк күнүндө борбор калаадагы тартипти 5000ден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алды.
Айта кетсек, кечээ Кыргызстан көз карандысыздыктын 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.
Эртең менен бийиктиги 100 метрге жеткен желек көтөрүлдү. Ал эми кечинде “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын 100 жылдык тарыхын чагылдырып театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Келген эл Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Мирбек Атабеков, Амирчик, россиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Bosson тобу жана италиялык аткаруучу IN-GRID катышкан концертке күбө болушту.
"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Видео