Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Бүгүн, 1-сентябрда 1 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болууну эскертет. Анткени буга чейин да бир нече жолу катуу шамал болуп, бактар сынып, айрым үйлөрдүн чатырлары учуп унааларды басып калганы катталган айтылды.
2024-2025-окуу жылынын 2-сентябрында мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларына "Билим – бул күч" темасында сабак өтүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Мекемеден белгилешкендей, сабактын максаты быйыл 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жөнүндө маалымат берүү. Мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү. Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" темасында өткөрүлөт. Маалыматта сабактын максаты Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн Кыргыз автономиялуу облусун түзүүнүн маанисин түшүндүрүү, азыркы мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жөнүндө айтып берүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу экени айтылды.
3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ушул жылдын 5-июнунан тартып өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз кылууга багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган. Маалыматта айтылгандай, «Канаттуулар» ассоциациясынын кайрылуусунун негизинде ушул жылдын 3-сентябрынан тартып Кыргызстандын аймагына жумуртка импорттоого киргизилген убактылуу чөктөөлөрдү алып салуу демилгеленди. Азыркы учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тоок жумурткаларын өндүрүү абалы мурунку айларга салыштырмалуу кыйла жакшырды. Ушул тапта жергиликтүү өндүрүүчүлөр көлөмү жана баа саясаты боюнча импорттук продукциялар менен атаандашууга даяр экени кошумчаланды.
Баш калаадагы "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар иштетүүгө даяр, алар 14-15-сентябрдан тарта көрүүчүлөрдү кубантып баштайт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга мэриядан билдиришти. Ага ылайык, борбордук аянттагы оңдоо иштери жакында соңуна чыкмакчы. "Майрамдан кийин уюштуруучулар тиешелүү жабдууларды чечкенден кийин иштер кайрадан башталат. Жасала турган азыраак жерлер калды", — деп айтышты шаар бийлигинен. Сахнаны жана башка техника, курулуштарды 10 күндүн ичинде алып бүтөрүн кошумчалашты.