"Ынтымак ордонун" ички көрүнүшү. Видео

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жаңы Ак үй ачылды, имарат эки жылда курулуп бүткөн. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев ЖМК өкүлдөрү үчүн экскурсия өткөрдү.
Sputnik
Ал бийиктиги 71 метрге жеткен имарат 35 гектар аянтта жайгашканын айтып берди. Ичинде 11 зал жана 246 кабинет бар.
Туманбаевдин маалыматы боюнча, архитекторлор менен дизайнерлерлердин баары Кыргызстандан, ал эми курулуш президенттин жеке көзөмөлүндө болду.
"Кабинеттердин баары бирдей стилде жасалды, дизайны заманбап талаптарга жооп берет", — деди өлкө башчынын иш башкаруучусу.
"Ынтымак ордодо" эл аралык делегацияларды кабыл ала турган, ири иш-чара, саммиттерди өткөрүүчү, ошондой эле президенттердин көзмө-көз жолугушуусу үчүн залдар каралган.
Экскурсиянын соңунда Туманбаев өзүнүн кабинетин көрсөтүп, имарат менчик үй эместигин, мындан улам муундарга кызмат кыларын белгиледи.
Баса, "Ынтымак ордону" көрүүнү каалагандардын баары паспортун жанына алып барып келсе болот.
Тема боюнча:
Биз сыймыктанган Кыргызстан. Майрамдык видео
"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Видео