Ташиев жаңы Ак үй эмнеге тосулганын түшүндүрүп, элди экскурсияга чакырды

Курулушуна эки жыл кеткен жаңы Ак үй "Ынтымак ордо" деген аталыш алып, кечээ салтанаттуу ачылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы Ак үйдүн айланасы эмне себептен темир тосмо менен тосулганын түшүндүрүп берди.
Ал буга чейин "аянттагы Ак үйдүн тосмосун алып салып, жаңы Ак үйдү кайра тосмо менен тосуп алышты, элден жашынышты" деген талкууларды угуп-көргөнүн белгилеген. Ташиев эч качан элден жашынбаганын жана мындан ары да жашынбай турганын айтты.
"Дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө президенттик имараттар мамлекеттик кайтарууга алынат. Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын айлык эмгек акысына миллиондогон каражат кетет экен. Бул элдин акчасы. Ошол каражатты үнөмдөш үчүн тегерегин курчап койдук", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы жаңы Ак үйдү көрүүнү каалагандардын баарын экскурсияга да чакырды.
"2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот. Бул үчүн атайын сектор ачып, үч кызматкерди даярдап койдум. Алар келген элди кыдыртышат. Сөзсүз түрдө жаныңарда жарандык паспорт же ID-картаңар болушу зарыл. Экскурсия бир жаранга бир эле жолу болот. Кайра-кайра кайталанбайт", — деди атайын кызматтын жетекчиси.
Эскерте кетсек, курулушуна эки жыл кеткен жаңы Ак үй "Ынтымак ордо" деген аталыш алып, кечээ, 30-август күнү, салтанаттуу ачылышы болду.
"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Видео