Эгемендигибизге доо кетпесин! Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттук айтты

Жапаров бүгүн жаңы Кыргызстанды куруу жолуна түшкөнүбүздү белгилеп, алдыда көптөгөн милдеттер турганына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров баштаган бийлик адамдары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына жана өлкөнүн көз карандысыздыгынын 33 жылдыгынын урматына жаңы желек көтөрүлгөн салтанатка катышып, кыргызстандыктарды куттуктады.
Өлкө башчы кыргыз эли руху күчтүү улуу эл экенин белгилеп, күнкорсуз, өнүгүп-өскөн Кыргызстанды курууга жан үрөп, өмүрүн берген ата-бабалардын ишин улоо ыйык милдет экенине токтолду.

"Биз эркиндиктин жана өз алдынча өнүгүүнүн баасын, баркын билели, аны аздектеп сактайлы, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берели деген асыл максатта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн салтанаттуу белгилөө салтын калыптандырдык. Ал үчүн күнкорсуз, өнүгүп-өскөн Кыргызстанды курууга жан үрөп, керек болсо өмүрүн берген ата-бабаларыбыздын каармандыгына башыбызды ийип, таазим кылабыз. Мына ошол аталардын ишин улоо – биздин ыйык милдет! Ушул озуйпаны аткарууда жана азыркы Кыргызстан болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата изги жышаан болсун деп Кыргызстандын толтосу болгон Бишкек шаарынын чок ортосундагы мамлекеттик туубузду 100 метр бийиктикке жеткирип, желбиретип олтурабыз. Кыргызстандагы өнүгүүлөр улам барган сайын жаңы бийиктиктерге чыгып, кызыл туубуз ар дайым көкөлөй берсин! Эң алды баарыңыздарды улуттун улуу күнү – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Эгемендигибизге эч качан доо кетпесин!" — деди Жапаров.

Президент Париж Олимпиадасындагы ийгиликтерге да токтолуп өттү . Эгемендик ыйык дөөлөт экенин белгилеген өлкө башчы бабалардан калган, көлөмү, көркөмдүгү боюнча дүйнөдө теңдеши жок "Манас" эпосун жараткан эне тилибиз, нарк-насилге бай салт-санаабыз, тамыры тээ тереңге кеткен тарыхыбыз, эң башкысы, кан дүргүткөн бабалардын руханий демин алып жүргөн, билимге дилгир, максаты бийик, кызыл туубузду дагы кыйла көкөлөтө турган мамлекетчил жаштарыбыз бар экенин айтты.
"Эгемендик жылдарында биз ар кандай учурларга туш болдук. Башка элдин маданиятын сокур көчүрүп алуу менен менталитетибизге, баалуулуктарыбызга каршы келген жат көрүнүштөргө кабылдык. Натыйжада ыйык делген түшүнүктөрүбүз болушунча чаташып, өлкөбүз бир топ алсырай түштү. Баш бербей, ээн ооз сүйлөөнү элдин эрки деп, анархияны демократия деп калпыс кабыл алып, сөз эркиндигин болсо ушак-айың менен алмаштырып алдык. Капчыгы калыңдар өз кызыкчылыктарын коргоо максатында партияларды уюштуруп, шайлоого аттанып келишкен. Азыр деле "Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат" дегендер дал ушундай баш адаштырган, азгырма жол менен кетүүнү таңуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз!" — деди президент.
Жапаров бүгүн жаңы Кыргызстанды куруу жолуна түшкөнүбүздү белгилеп, алдыда көптөгөн милдеттер турганына токтолду.

"Эркин мамлекетте, эгемен өлкөдө жашоо – бул бактынын бактысы! Биз көп этностордон ширелген, ынтымагы бекем, нарк-насилди ыйык сактаган, достукту туу туткан кыргыз жарандарынын күч-аракетинин, сабырдуулугу менен даанышмандыгынын аркасында чоң жетишкендиктерди бирге жасай аларыбызга көзүм жетип, ишенип турам. Кыргызстанды ар тараптан өнүккөн күчтүү өлкөгө айландырып, келечек муунга калтырып кетүү максатыбызга сөзсүз жетебиз", — деди өлкө башчы.

Жапаров тынччылык, аманчылык, биримдик, ынтымак каалап, сөзүн "Кыргызстандын кызыл туусу түбөлүк желбирей берсин! Жараткан бизге жар болуп, эгемендигибиз кут болсун!" деп жыйынтыктады.
"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Видео