БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Биринчи класска барар алдында баладагы тынчсызданууну жоготуу, кыжалат кылбоо үчүн адегенде чоңдор өздөрү кам санабай тынч болушу керек. Бул тууралуу психолог Екатерина Голяк Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.
Адис бала буга чейин көрүп-билбеген жерге бара жатканын, бейтааныш адамдар болорун түшүнүп, тынчсызданышы мүмкүндүгүн белгилеген.
"Баланын жалгыз таянары – ата-энеси. Тун баласы мектепке бара жаткан эненин өзүндө толкундоо болушу мүмкүн. Ал балам билим алуу үчүн кадам таштап жатат, бул анын жашоосу, тажрыйбасы үчүн маанилүү деп кубанышы керек. Ошондо бала энесин көрүп толкундоолору тарап, өзүн ишенимдүү сезе баштайт", – деген адис.
Психолог кийинчерээк бала мектепке көнүп калды деп аны көңүл сыртында калтыруу туура эмес экенин кошумчалаган.
"Анын окуусунда сиз күтпөгөн учурда кыйынчылык жаралып калышы мүмкүн. Биринчи класска барган бала мектептеги көйгөйлөрүн көп учурда ата-энесине айтып бере алышпайт. Себеби алар, биринчиден, абалдын көйгөй экенин билбеши мүмкүн, экинчиден, аны түшүндүрүп бере алышпайт. Баласынын маанайына, сөздөрүнө, жүрүм-турумуна кылдат көңүл бурган ата-эне аны түшүнө алат. Мектепте көйгөй жаралса баланын маанайы суз тартып, ынжыктап калышы мүмкүн. Окууга барууга көңүлсүз даярданып, барбай коюуга түрдүү шылтоо издей баштайт. Мында мугалими менен сүйлөшүү зарыл. Ал мектебинде ким менен дос, сабакта кандай жооп берет, уялчаакпы же жокпу, танаписте өзүн кандай алып жүрөрүн тактоо керек", – деген психолог.
Мындан тышкары, адис баланын өзү менен да сөзсүз сүйлөшүп, ойлорун угуу зарылдыгын кошумчалаган. Мектептен келгенде сабактары кандай өткөнүн сурап, кызыгып туруу маанилүү экенин белгилеген.