Садыр Жапаров Кыргызстанда чыгарылган продукциялардын көргөзмөсүнө барды

Өлкө бүгүн Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты

2 / 6

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган

3 / 6

Көргөзмөгө тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жай жана автомобиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда иштеген 100дөн ашык ата мекендик компаниялардын товарлары коюлганы айтылды

4 / 6

Мамлекет башчы көргөзмөдөгү продукциялар менен таанышып, ири эл аралык рыноктордо "Кыргызстанда жасалган" деген брендди илгерилетүүнүн жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

5 / 6

Мындан тышкары, экономиканы чыңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ички жана тышкы рыноктордо продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарына токтолду

6 / 6

Майрамга карата кечээ жаңы Ак үйдүн ачылышы болуп, бүгүн жаңы желек көтөрүлдү

Көргөзмөгө тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жай жана автомобиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда иштеген 100дөн ашык ата мекендик компаниялардын товарлары коюлганы айтылды.

"Мамлекет башчы көргөзмөдөгү продукциялар менен таанышып, ири эл аралык рыноктордо "Кыргызстанда жасалган" деген брендди илгерилетүүнүн жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, экономиканы чыңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ички жана тышкы рыноктордо продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарына токтолду", — деп айтылат билдирүүдө.

Баса, майрамга карата кечээ жаңы Ак үйдүн ачылышы болуп, бүгүн жаңы желек көтөрүлдү.
Эгемендигибизге доо кетпесин! Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттук айтты