"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Видео

Желектин эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.
Sputnik
"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, гимн жаңырды.
Туунун узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында 100 метр, ал эми эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.
Тема боюнча:
Биз сыймыктанган Кыргызстан. Майрамдык видео
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы Ак үйдү расмий ачты. Видео