Россия Кыргызстандын ИИМине түрдүү техника белек кылды. Сүрөт

Макулдашууга ылайык, Россиядан 2024-2025-жылдар аралыгында 627 миллион рубль өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине белекке автоунааларды, дрон, радиостанцияларды жана башка техника берди. Бул тууралуу РФтин элчилиги билдирди.
Салтанатка ички иштер министри Улан Ниязбеков, элчи Сергей Вакунов жана Россия ИИМинин өкүлү Антон Кочетов катышкан.
1 / 3

Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине белекке автоунааларды, дрон, радиостанцияларды жана башка техника берди

2 / 3

Салтанатка ички иштер министри Улан Ниязбеков, элчи Сергей Вакунов жана Россия ИИМинин өкүлү Антон Кочетов катышкан

3 / 3

Кыргыз тарап Россиянын негизги стратегиялык өнөктөшү болгон ар тараптуу колдоосун жогору баалай турганын белгиледи

"Берилген жабдуулар Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишин жакшыртып, Кыргызстандын аймагындагы жана евразиялык интеграциялык бирикмелердин чектериндеги коопсуздукту чыңдоого салым кошот деп ишенем", — деди Вакунов.
Кыргыз тарап Россиянын негизги стратегиялык өнөктөшү болгон ар тараптуу колдоосун жогору баалай турганын белгиледи.
Машиналар менен жабдуулар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө каржылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү боюнча келишимдин алкагында берилди. Макулдашууга ылайык, Россиядан 2024-2025-жылдар аралыгында 627 миллион рубль өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүлөт.
РКӨФтүн колдоосу менен балык ташыган ири компания Сокулукта завод кура баштады