Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Нуржигит Кадырбеков Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Эл өкүлү соцтармактагы баракчасына "Алла Таалам көрүп турат, эң башкысы, башкаларга зыяныбыз тийбесин" деп жазган.
Эске салсак, Кадырбеков буга чейин УКМКга сурак берип чыккан. Ал "Ыйман" фонду боюнча күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген.
Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты