Кытайлык окумуштуулар адамзатты сактап калуунун радикалдуу жолун сунуштады

Жер планетасынын чоң астероид менен кагылышуу кооптуулугу мурунку эсептөөлөргө караганда алда канча жогору экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Пекин космостук аппараттарды долбоорлоо институтунун окумуштуулары астероиддерден коргонуу үчүн өзөктүк курал чыгарууга чакырышты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
"Окумуштуулар алар жүргүзгөн анализдин жыйынтыгы астероиддин Жер менен кагылышуусуна өзөктүк курал гана тоскоол боло аларын көрсөткөн. Изилдөөчүлөр космосто өзөктүк куралды колдонууга эл аралык мыйзамдар тыюу саларын жана өзөктүк жарылуудан кийинки таштандылар жылдыздар аралык мейкиндикти булгай турганын билишерин да белгилешекен", — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулар муну менен катар чечим кабыл ала турган тараптарды узак мөөнөттүү ойлонууга жана адамзатка кыямат коркунучун алдын алуу үчүн өзөктүк коргонуу тармагындагы изилдөөлөрдү жана долбоорлорду колдоого чакырышкан.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Жер планетасынын чоң астероид менен кагылышуу кооптуулугу мурунку эсептөөлөргө караганда алда канча жогору. Муну болтурбоо учун эң кыска мөөнөттүн ичинде (6-7 күндөн 30 күнгө чейин) космоско өзөктүк куралдарды учура алуу керек.
Радио
Мамбетова: аарылар жок болуп кетсе Жер планетасы төрт жыл гана жашайт