"Жунда" заводу төрт жылдан кийин кайра ишке киргизилди

Өлкө башчы "Жунданы" кайра иштетүү үчүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы токтоп турган "Жунда" заводун ишке киргизип, аны модернизациялоого капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы токтоп турган "Жунда" заводун ишке киргизип, аны модернизациялоого капсула салды

2 / 6

Ачылыш аземинде президентке өндүрүш ишин кайра баштаган "Чайна Петроль Компани "Жунда" ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди

3 / 6

Садыр Жапаров өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты өндүрүштөрдү ачууга багытталарын белгилеген

4 / 6

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ийгиликтүү ишке киргизилди

5 / 6

Жыл соңуна чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт

6 / 6

Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт

Ачылыш аземинде президентке өндүрүш ишин кайра баштаган "Чайна Петроль Компани "Жунда" ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди.
"Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ийгиликтүү ишке киргизилди. Жыл соңуна чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты өндүрүштөрдү ачууга багытталарын белгилеген.
"2020-жылга чейин "Жунда" заводу бензиндин түрлөрүн, дизель, гудрон, мазут жана суюлтулган газ өндүрүп, калкыбыздын керектөөсүн кайсы бир деңгээлде канааттандырып келген. Тилекке каршы, завод түрдүү себептерден улам 2020-жылдын февралында ишин токтоткон. Заводду кайра ишке киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн маанилүү болду. Кытай тарап менен тыгыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатты. Бул маселени Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен талкуулагам. Натыйжада ал саясий эркин билдирип, чечкиндүү колдоосун көрсөттү", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров бир убакта өлкөнүн ар аймагындагы 100 объектини ачты