31-августка карата аба ырайы

31-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 31-август, ишембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаада +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +27...+29 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМдин эскертүүсү