Ортопедиялык бут кийимдердин баары эле пайдалуу эмес. Баланын сөөгүнүн өсүшүнө кантип кам көрүү керек?

Sputnik
Балдарга бут кийим аларда анын сапатына кароо керек. Бир-эки өлчөмгө чоң ала берүү да болбойт. Өзгөчө ортопедиялык бут кийимдердин баары эле пайда алып келе бербейт. Тамандары катуу болсо баланын бутунун өсүшүн жакшыртпай кармап коёт. Ошол себептен мунун баарына көңүл буруу кажет. Ошону менен бирге бала төрөлгөндө жамаш сөөгү чыгып кетпегенин байкоо үчүн көмкөрөсүнөн жаткырып, апасы байкап көрүү керек. Эгер жамбаш сөөктөрүнүн бири ылдый, бири өйдө болсо анда ортопедге кайрылуу керек. Бул куракта сөөк кемирчек болгондуктан оорутпайт.
Ошол себептен ыйлабай турганын врач Жумабеков билдирди.