Бишкек шаардык кеңеши троллейбустарды Ошко өткөрүп берүүгө макул болду

Буга чейин троллейбустар электробустарга алмаштырылары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши троллейбустарды жана ага тиешелүү инфраструктураны Ошко өткөрүп берүүгө макул болду.
Депутаттардын алдында сүйлөгөн мэр Айбек Жунушалиев муниципалитет "Ачык асман" долбоорун иштеп чыкканын, анда электр зымдарын алуу каралганын айткан. Шаар башчысы ордо калаанын кеңейгенин жүйө келтирип, троллейбустарды автобустарга жана башка мобилдүү транспортко алмаштыруу учур талабы экенин белгиледи.
Мэр демилге жаңыдан көтөрүлүп жатканда мунун баары шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн жасалып жатканын кошумчалаган. Буга чейин троллейбустар электробустарга алмаштырылары айтылган.
Мэр Бишкектен троллейбустар эмне үчүн алынып жатканын түшүндүрдү