Экс-депутат Шайлообек Атазов муай-тай боюнча турнирге катышууда

Мурдагы эл өкүлү профессионалдар арасында күчүн сынайт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиландда өтүп жаткан муай-тай боюнча эл аралык турнирге катышууда. Бул тууралуу IBF Muay Thai уюму билдирди.
Профессионалдар арасында күч сынаша турган Атазов рингге бүгүн, 29-августта, кечке маал таиланддык мушкер Чиангкван Паномтед менен чыгат. Экөөнүн крамашы турнирдин башкы беттеши болору айтылды.
Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. 2024-жылдын апрелинде Жогорку соттун чечими менен мандатынан ажыратылган.
Тазабек Икрамов грек-рим күрөшү боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында күмүш алды