РКӨФтүн колдоосу менен балык ташыган ири компания Сокулукта завод кура баштады

Новиков фонд ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгаруу аракеттерин мындан ары да колдой берерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстанга балыктын 200 түрүн импорттогон "Вилби" компаниясы Чүйдүн Сокулук районунда балык продукциясын чыгара турган завод кура баштады. Долбоорго 134,2 миллион сом бөлгөнүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) билдирди.
Маалыматта заводдо 45 жумуш орду түзүлөрү айтылат. Завод каржыланган мезгилде 110 миллион сом өлчөмүндө салык төлөмөкчү.
"Фонддун арты менен комплекстин курулушу башталды. Ал үч миң тоннадан ашык тоңдурулган продукцияны сактоого ылайыкташып, өндүрүшү суткасына 20 тоннаны түзөт", — деди компаниянын башкы директору.
Ал эми РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков импортерлордун өндүрүштү өнүктүрүү зарылдыгын түшүнө баштаганы жакшы көрүнүш экенин белгилеген.
"Эми балыктын 200 түрүн ташыган ири компания өз продукциясын Кыргызстанда чыгара баштайт", — деди ал.
Новиков фонд ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгаруу аракеттерин мындан ары да колдой берерин белгиледи.
Бишкектин четинде кара икра чыгарган цех курулат. Акчаны РКӨФ бөлдү