Улуттук госпиталда россиялык медицина илимдеринин доктору мастер-класс өткөрөт

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. 29-август күнү Улуттук госпиталда лапароскопиялык урология боюнча уникалдуу мастер-класс өткөрүлөт. Бул тууралуу Урология илимий борбору билдирди.
Ачык маалымат булактарында урологиянын бул түрүнүн өзгөчөлүгү курсакты кеспестен бир нече пункция жасалары айтылат. Натыйжада бейтап операцияны жеңил көтөрөт жана бат айыгып, тырык калбайт.
Иш-чара адистерге жана медициналык факультеттин студенттерине урология тармагындагы алдыңкы ыкмалар менен таанышууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берет.
Иш-чараны Россиядан келген көрүнүктүү уролог жана хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Эдуард Галлямов алып барат. Ал бир катар новатордук операцияларды ишке ашырган.
"Мастер-класс тажрыйбалуу хирургдар үчүн да, лапароскопия жаатындагы билимин тереңдетүүгө умтулган жаңы келген адистер үчүн да пайдалуу болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара 29-августта саат 12:00дө Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борборунда өтөт.
Каттоодон өтүп, кошумча маалымат алуу үчүн +996 (708) 410 998 номерине кайрылуу зарыл.
Кыргызстандык дарыгерлер катышкан "Дени сак Евразия" форуму кандай өттү