Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украина армиясынын Россиянын түпкүрүнө сокку уруу боюнча чектөөсүн албайт

Ак үйдүн Москва менен байланышын кайрадан баштоого ниеттенип жатканын ЖМКлар жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШнын Украина армиясынын америкалык куралдар менен Россиянын түпкүрүнө чабуул коюшу боюнча учурдагы чектөөлөрдү алуу ниети жок. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдердин айтканын РИА Новости жазды.
"Украина өзүн коргоо жана чек ара чабуулдарына жооп кайтаруу үчүн АКШнын аскердик жардамын пайдалана алат. Ал эми алыскы аралыкка, Россиянын түпкүрүнө сокку уруу жаатында айта турган болсок, биздин саясат мурдагысындай эле кала бермекчи", — деген ал Владимир Зеленскийдин арызынан кийин Вашингтон бул маселени кайра карайбы-жокпу деген суроого жооп берип жатып.
АКШ менен Украинадагы жогорку кызматтагы аткаминерлердин айтканына таянган европалык ЖМКлар америкалык бийлик Киев режимине Россиянын түпкүрүнө алардын куралы менен чабуул жасашына уруксат бербей тургандыктарын жазышкан. Себеби алар мунун жыйынтыгында Москва менен байланышын кайрадан баштоого ниеттенип жатканы айтылган.
Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлүнүн орун басары Ведант Пательге Украина армиясына Россиянын аскерий объектилерге сокку урууга ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат берүүнүн мезгили жеткен жокпу деген суроо узатылган. Ал жооп иретинде киевдик өнөктөштөр менен болгон жеке дипломатиялык талкууларга киришпей турганын билдирген.
Июнь айында Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан америкалык куралдарды колдонуу каршылаштардын аскерлери Украинанын чек арасын кесип өткөн аймактарда мүмкүн экенин айткан. Башында мындай позиция Харьков облусуна чектеш аймактарга гана тиешелүү болчу.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков украин армиясы Донбасс менен Новороссияга Батыш ракеталары менен чабуул кое баштагандыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британ ЖМКлары: Киевдин Курскидеги авантюрасына карабай Россия жеңишке жакындады