УКМК: баасы 2 млрд. сом болгон стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды

20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке жактарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч кандай пайда көрбөгөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Аянты 17,7 гектарды түзгөн эки миллиард сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.
1 / 2

Аянты 17,7 гектарды түзгөн эки миллиард сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирд

2 / 2

Маалыматта менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында завод жана ага жанаша жайгашкан стратегиялык маанидеги объектилерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганы айтылат

Маалыматта менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында завод жана ага жанаша жайгашкан стратегиялык маанидеги объектилерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганы айтылат.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери 2004-жылы "Кум-Шагыл" ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталды. Комплекс шагыл, майдаланган таш карьерин, ошондой эле чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдарды чыгарган заводду камтыйт. 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке жактарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланган.
Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүнүн башка фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчаланды.
Жайылда 134 млн. сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды