Эгемендүүлүк майрамында чет элдик ырчылар акысыз ырдай турганы айтылды

Президенттин маалымат кызматынын башчысы коомчулукту чет элдик ырчылардын келүүсүнөн кынтык издебөөгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанатта чет элдик белгилүү ырчылар акысыз ырдашат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, майрамга Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Амирчик Bosson жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID келип катышат.
"Кызыгып сурагандар бар, жооп берип кетейин. Ырчыларга мамлекет тарабынан же жеке тараптар аркылуу дагы эч кандай гонорар төлөнбөйт. 100 жылдык мааракени куттуктап келишет. Болгону жатакана жана тамак-аш менен гана камсыздайбыз", — деген Орунбеков.
Ал коомчулукту ырчылардын келүүсүнөн кынтык издебей жакшы маанайда концерт көрүп кетүүгө чакырган.
Буга чейин Эгемендүүлүк күнүндө чет элден келчү ырчылардын тизмеси жарыяланган. Интернет-колдонуучулар аларды майрамга чакыруу ашыкча чыгым деген өңдүү пикирлерин жазып башташкан.
Кыргызстандагы жаңы Ак үй 31-августта расмий ачылат