28-августка карата аба ырайы

28-августка караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 28-август, шаршембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап күн күркүрөшү күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад облустарында +29...+34, Баткен өрөөнүндө +28...+33, Ысык-Көл жергесинде +23...+28, Нарында +24...+29 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек ТЭЦине көмүр келе баштады