Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, Олимпиададагы түркиялык аткычты туурады. Видео

Юсуф Дикеч олимпиадалык атуу боюнча мелдештерде өзүнүн эркин турушу менен белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Беларустун "Неман" клубунда ойноп жаткан кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов "Днепр" (Могилев) командасынын дарбазасына гол киргизди.
Ийгиликке кубанып жаткан кыргызстандык күндөн коргоочу көз айнек сурап, түркиялык аткыч Юсуф Дикечти туураган.
Дикеч өткөн Олимпиада оюндарында өзүнүн эркин турушу, колун чөнтөккө салып, атайын жабдуулардын көп түрлөрүнөн баш тартуусу менен популярдуу болгон.
Юсуф Дикеч жана анын өнөктөшү Шеввал Илайда 400 метрге пневматикалык тапанчадан атуу боюнча командалык мелдеште күмүш медалга ээ болушкан.
КР футбол командасы Түркияда машыгууда. Алдыда маанилүү беттештер бар