Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британ ЖМКлары: Киевдин Курскидеги авантюрасына карабай Россия жеңишке жакындады

Украина алардын Курскиге кол салуусу Донбасстагы согуштук абалды жакшыртат деген тилекте болгону менен жыйынтык башкача чыгууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусундагы "авантюрасынын" фонунда ДЭРдин Красноармейск шаарынын аймагында коргонуу боюнча кыйроого кабылып, Россия жеңишке жакындады. Бул туурасында РИА Новости Sunday Times басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
"... Украин офицерлери болгон күчү менен Покровскиде (Красноармейскини Киев режими ушинтип атайт — ред.) болуп кетиши мүмкүн деген кыйроону (коргонуу боюнча) түшүндүрүүгө аракет кылышты. Бирөөлөрү артиллериялык снаряддар тартыш десе, башкалары россиялыктар алар даярдаган авиабомбалар менен радиоэлектрондук күрөшкө жаңы ыкмалар менен каршы турганын айтышты. Алардын бардыгы башкы көйгөй катары каршылаштын сан жагынан артыкчылык кылып жатканын белгилешти", — деп айтылган маалыматта.
Красноармейскиге жакын болгон согушка катышып жаткан Украина армиясынын капитаны Дзвенислава Римар алардын аскерлери чарчап-чаалыгып бүткөнүн айтты.
Басылма белгилегендей, Киев Курскиге басып киргенде Россия күчтөрү "болуп көрбөгөндөй" жасап жаткан басымын Донбасс багытынан алаксытууга ниеттенгени менен, анысы ишке ашпай калган.
"Бул (Курск облусуна кол салуу — ред.) согушта биздин аймактарда күткөн натыйжаны берген жок. Россия дайыма чабуул коюуда", — деген Римар.
Макалада эгерде Красноармейск бошотулса Артемовскиден эле кийинки россиялыктар алган шаар болуп калары айтылган.
Бейшембиде Россия аскерлери Прогресстен түштүктү көздөй алты чакырым аралыкта жайгашкан Межевое айылын алышкан. Шаршемби күнү Коргонуу министрлиги ДЭРдеги эл жашаган Желанное аймагы бошотулганын кабарлаган. Ал Прогресстен түштүк-батышты көздөй кеткен беш чакырымдан кийин орун алган.
Буга чейин Украинанын вице-премьери Ирина Верещук Киев аскерлеринин көзөмөлүндө турган ДЭРдеги Красноармейск (Покровск), Димитров (Мирноград) жана Селидового согуштун чеги жакындап келе жаткандыктан элди эвакуация кылууга чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Украинадагы согуш соңку этабына келип калганын айтышты