27-августка карата аба ырайы

27-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй аймагында +27...+32, Таласта +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +30...+35, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +25...+30 градус ысык болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Кыргызстанда көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет