Таласта 100 миң доллар пара берүүгө шектелип эки ишкер кармалды

УКМК буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн иш козголгонун кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Таласта УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен эки ишкер кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Маалыматта тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында кен иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталганы айтылат.
УКМК буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн иш козголгонун эске салды.
"23-август күнү "П.А.Т." ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Е.Д.Н. аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн жалпы сумманын жарымын берип жатканда колго түшүрүлдү. Шектүүлөр Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылган кабарда.
Атайын кызмат коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатканын кошумчалады.
4 миң доллар талап кылган. Ноокаттын прокурорунун орун басары кармалды