Качам деп милиционерди коюп кетти. “Манаска” кеткен жолдогу кырсыктын видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Манас" аэропортуна бара жаткан трассада BMW үлгүсүндөгү автоунаа инспекторду сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган.
Окуя кечээ түнү болгон. Патрулдук милицияга жолдо мыйзамсыз автожарыш жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алар машинаны токтотушкан, бирок айдоочу окуя болгон жерден качууга аракет кылам деп инспекторду сүзүп алган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тартип сакчы учурда ооруканада жатканын билдирди.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, 20 жаштагы айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле шектүүгө автобейбаштык үчүн 15 миң сом айып салынды.
Уулун коргоо үчүн күнөөнү мойнуна алган. Бишкектеги кырсыктын жаңы жагдайы