Күндүн илеби кайтып баратат. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Бишкекте абанын максималдуу температурасы 28-30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында 31-33 градуска жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
31-августка чейинки аба ырайынын божомолунан күндүн илеби кайтып баратканы көрсөтүлгөн. Маселен, Бишкекте абанын максималдуу температурасы 28-30 градуска, Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында 31-33 градуска жетет.
Бишкекте 25-27-августта жана 31-августта жаан-чачын болбойт. Калган күндөрү күн күркүрөп, жаан жаайт.
25-августта нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгү да эскертилди.

Чүй, Талас

Апта ичинде көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. 28-29-август күндөрү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-августта күндүз, 28-августта күндүз жана 29-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Жума ичинде облустардагы тоолуу аймактарда жаан-чачын болгону менен өрөөндөрдө жана дыйканчылык зоналарында күн ачык болору көрсөтүлгөн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-августта күндүз, 28-августта күндүз жана 29-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын

Жума ичинде бул региондордун тоолуу аймактарында жаан жаап, дыйканчылык жерлеринде өткүн өтүп турат. Нарында 25-августта, Ысык-Көлдө 31-августта күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Дем алыш күндөрү кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. Аймактардын тизмеси