БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте 9-август күнү милиционерлер жанын кыймакчы болгон адамды кармаганда ал каза болуп калган. Бишкек ШИИББ окуя тууралуу маалымат берди.
Шаардык милициянын билдирүүсү боюнча, бул окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, текшерүү иштери башталды.
Ал эми каза болгон адам тууралуу төмөнкүлөр маалымдалды.
"Ал 36 жаштагы Иван аттуу жаран экендиги аныкталды. Иван психиатриялык ооруканада сегиз жолу стационардык дарылануудан өтүп, психикасы бузулган деген диагноз менен каттоодо тургандыгы такталды. Ошондой эле баңгизатка көз каранды экендиги, наркологиялык ооруканада каттоодо тургандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары, 2010-жылдан бери уурулук, денеге залал келтирүү, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү же коркутуу үчүн бир нече жолу соттолгон", — дешти милициядан.
И. С. милиция кызматкерлери кармоо учурунда каза болуп калганына байланыштуу иш прокуратурага өткөрүп берилген.
Башкы прокуратуранын
маалыматы боюнча, 9-август күнү И.С. Кыргыз улуттук университетинин имаратына "мени өлтүргүлөрү келип жатат" деп чуркап кирип, 3-кабаттан секирмекчи болгон. Адамдар ага жардам берүүнү каалап токтотууга аракет кылышкан, бирок ал эч кимди уккан эмес. Кийинчерээк ал имараттан чуркап чыгып, Жибек Жолун көздөй бет алган.
"Бишкек ШИИББдин милиция кызматкерлери К.Б. жана Д.Т. аталган дарекке барган учурда болжол менен 30-35 жаштагы европалык түспөлдөгү (кийин тастыкталгандай И.С.) жаран аныкталган. Укук коргоочулар кармалган кишини окуянын күбөлөрү ага дем жетпей жатканын айтканына, коё берүүнү суранганына карабай катуу басып жатып алышкан. Мунун кесепетинен эркек киши ошол жерден каза болгон", — деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Факт боюнча Бишкек ШИИББдин милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон.