4 миң доллар талап кылган. Ноокаттын прокурорунун орун басары кармалды

Ишкер мамлекетке келтирилген зыяндын ордун төлөөгө даяр болсо дагы кызматкер тергөө иштерине кийлигишип туруп алганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Оштун Ноокат районунун прокурорунун орун басары ишкерден опузалап 4 миң доллар пара талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурууга даяр болгон. Бирок райондук прокурордун Э.С.К. аттуу орун басары тергөө органдарына көзөмөлдүк кылып, ар кандай кысым көрсөтүп мыйзамдуу процессуалдык чечимдерди чыгарууга тоскоолдук кылган.
"Келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда тийиштүү тарап мыйзам боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш. Бирок прокурордун орун басары ишкерди соттуулугу менен коркутуп, бардык лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу менен жогорудагы сумманы опузалап талап кылган", — деп жазылган маалыматта.
23-августта кызматкердин унаасын жана иш кабинетин тинтүү учурунда 3,5 миң доллар табылган. Ал УКМКнын Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, кылмыш иши козголду.
Баткендеги 92 млн. сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды