Күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт өчүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкектин Профсоюз көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган кампада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
1 / 3

Бишкектин Профсоюз көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган кампада чыккан өрт өчүрүлдү.

2 / 3

Маалыматта кампа менен кошо Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кеткени айтылат.

3 / 3

Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн.

Маалыматта кампа менен кошо Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кеткени айтылат. Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:10дон тарта жалпы беш эсеп, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылган. Жалын саат 14:58де чектөөгө алынып, 16:34тө толук өчүрүлдү.
Курулуп жаткан имаратынан өрт чыккан компаниянын лицензиясы токтотулду