Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровдун ордуна жаңы депутат келди

Бердиев алтынчы чакырылышта дагы депутат болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Аккулу Бердиевге Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты ыйгарылганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
ЖК жыйынында жаңы депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Бердиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча экс-депутат Адахан Мадумаровдун ордуна келди.
Аккулу Бердиев 1966-жылы Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. 2020-жылдан бери Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын "Республика – Ата-Журт" фракциясынан депутат болгон.
Эске салсак, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы соттун өкүмүнүн негизинде Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыраткан. Саясатчы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган. Бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошотулган.
Нуржигит Кадырбеков УКМКнын сурагынан чыкты