Акылбек Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун көрдү

Жолдун негизги иштерин 2024-жылдын декабрында бүткөрүү күтүлүп жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун көрүп, аны сапаттуу бүтүрүүгө тапшырма берди.
Төрагага негизинен Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3 890 метрди түзгөн тоннелдин кандай салынып жатканын айтып беришкен.
1 / 2

Жалал-Абад облусуна барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун көрүп, аны сапаттуу бүтүрүүгө тапшырма берди.

2 / 2

Бул тоннель көп функционалдуу.

Бул тоннель көп функционалдуу. Комплекске тоннелди таза аба менен камсыздоо системасы, автоунаа түтүнүн чыгаруу тутуму, желдетүүчү жабдуулар, желдетүүчү камера, жер астындагы трансформатордук станция кирет. Андан сырткары, өрт өчүрүүчү насостук станциялар, диспетчердик борборлор, кошумча эмеректерди жана электр жабдууларын жайгаштыруу үчүн көмөкчү бөлмөлөр болмокчу. Учурда бетон төшөө иштери жүрүп жатат.
Жолдун негизги иштерин 2024-жылдын декабрында бүткөрүү күтүлүп жатканын айтышты.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативдүү жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Анын жалпы узундугу 433 чакырым болуп, эл аралык донорлор тарабынан каржыланууда.
Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр