Волгоградда колонияда адамдарды барымтага алган камактагы 4 киши жок кылынды

Барымтадагылар бошотулуп, каза болгондордун саны такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг.— Sputnik. Волгоград облусундагы №19 колонияда адамдарды барымтага алган камактагы төрт киши жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, аларды Росгвардиянын снайперлери атып өлтүргөн.
"Волгоград облусундагы колонияда абак кызматкерлерин барымтага алган камактагы төрт кишини Росгвардиянын атайын күчтөрүнүн снайперлери атып жок кылды", — деп айтылат маалыматта.
Барымтадагылар бошотулуп, каза болгондордун саны такталууда.
Эске салсак, бүгүн Волгоград облусундагы №19 колонияда жазасын өтөп жаткандар тартип комиссиясынын отуруму учурунда кызматкерлерди барымтага алышкан. Алдын ала маалымат боюнча, бир адам каза болуп, абактын төрт кызматкери жаракат алган. Анын экөө оор абалда.
Бир нече Telegram-канал кылмышты жасады дегендердин аты-жөнүн, алардын кайсы жактан экенин жарыялаган. Төртөө Өзбекстан менен Тажикстанда туулганы айтылды. Булардын үчөө баңгизат боюнча камалса, бирөө көчөдөгү мушташта адамды өлтүрө сабаганы үчүн соттолгон.
Барымтага алуу боюнча иш козголду.
УКМК: Сирияда жок кылынган теги кыргызстандык согушкер боюнча иликтөө жүргүзүлөт