Олимпиада оюндары — 2024

Алды 3 млн. сом алды. Таласта олимпиадачылар сыйланды. Тизме, суммасы

Иш-чарага Россиянын "Альянс Алтын" компаниясы колдоо көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Таласта Париж Олимпиадасынын катышуучуларын сыйлоо салтанаты болду.
Иш-чарага Россиянын "Альянс Алтын" компаниясы колдоо көрсөтүп, спортчулар менен машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылган.
Сый акыларды төмөнкү суммада тапшырышты:
Күмүш медаль ээси Мээрим Жуманазаровага 3 миллион сом;
Коло медаль ээлери Жоламан Шаршенбеков менен Үзүр Жузупбековго 1,5 миллион сом;
Дагы бир күмүш медаль (бокс боюнча) алып келген Мунарбек Сейитбек уулуна 1 миллион сом;
Коло медаль алган Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага 500 миң сом;
Бекзат Алмаз уулу менен Айпери Медет кызына 300 миң сом берилди.
1 / 4

Таласта Париж Олимпиадасынын катышуучуларын сыйлоо салтанаты болду.

2 / 4

Иш-чарага Россиянын "Альянс Алтын" компаниясы колдоо көрсөтүп, спортчулар менен машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылган.

3 / 4

Таласта Париж Олимпиадасынын катышуучуларын сыйлоо салтанаты болду.

4 / 4

Таласта Париж Олимпиадасынын катышуучуларын сыйлоо салтанаты болду.

Андан сырткары, алгачкы устаттарына 100 миң сомдон, башкы машыктыруучуларына 150 миң сомдон беришти.
Ал эми Мээрим Жуманазарованын атасы, алгачкы машыктыруучу Рахмадил Жуманазаровго жана Жоламан Шаршенбековдун устаты Хаким Махмудовго 200 миң сомдон тапшырылды. Буга кошумча, экөөнө тең Талас облусунун Ардактуу атуулу наамы ыйгарылды.
Олимпиада оюндары — 2024
104 млн. сом. Олимпиадага барган спортчу, машыктыруучу, дарыгерлер канчадан алды