Дем алыш күндөрү кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. Аймактардын тизмеси

Сел жүргөндөн кийин эшикте бара жаткан ит. Архив
Катуу жаан жаай турганы айтылды. Айрым аймактарда таш кулашы да ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. 23-25-август күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат, катуу жаан жаап, мындан улам сел жүрүп, айрым жерлерде таш кулашы мүмкүн экенин ӨКМ кабарлады.
Министрлик кооптуу аймактардын тизмесин кошо жарыялаган:
Баткендин Лейлек, Баткен, Кадамжай райондору;
Чүйдүн Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Панфилов, Аламүдүн, Москва жана Сокулук райондору;
Нарындын Ак-Талаа жана Нарын району;
Жалал-Абаддын Ала-Бука, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо райондору;
Оштун Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондору;
Таластын Бакай-Ата, Манас, Айтматов жана Талас райондору.
Таш кулаары божомолдонгон аймактар:
Бишкек — Ош жолу (221-251,9, 285, 342- 348, 358-362, 400, 411-426 км);
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там (64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 км);
Бишкек — Балыкчы (112-128 км Боом капчыгайы);
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол (60-201 км);
Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол (1-43, 65-100);
Талды-Суу — Арал (4-5 км);
Мырзаке — Кара-Шоро (18-28, 32-37, 44-56 км);
Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя (2-4, 12-13, 22- 24 км);
Ош — Исфана (64-78, 125-138, 149-190 км).
ӨКМ сак болууну эскертти. Өзгөчө кырдаалга күбө болгондор 112 номерине кабарлай алат. Чалуу акысыз.
Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү селдин кесепеттери. Дрондон тартылган видео
Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү селдин кесепеттери. Дрондон тартылган видео