24-августка карата аба ырайы

24-августка караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Талас аймагында +23…+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын өрөөнүндө +25…+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаада +29…+31 градус болсо, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +21...+23 градус жылуу болот.
Дем алыш күндөрү кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. Аймактардын тизмеси