Уулун коргоо үчүн күнөөнү мойнуна алган. Бишкектеги кырсыктын жаңы жагдайы

Буга чейин тергөө кызматына азыркы шектүүнүн атасы, 52 жаштагы К.Б. алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкектин четинде велосипедчен баланы унаасы менен сүзүп алган 18 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу ШИИБ билдирди.
19-август күнү саат 22:00дөр чамасында Бишкектин Восток айылынын Ленин көчөсүндө Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 17 жаштагы велосипедчен А.А. аттуу баланы коюп кеткен. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Жол эрежесин бузуу, этиятсыздыктан залака келтирүү") менен иш козголду.
"Ыкчам-иликтөө кызматы негизги шектүүнү колго түшүрдү. Ал 18 жаштагы А.А. болуп чыкты. Жаран Subaru Legacy автоунаасын айдап баратып велосипед тээп бараткан баланы сүзүп кеткен", — деди милициядан.
Буга чейин тергөө кызматына азыркы шектүүнүн атасы, 52 жаштагы К.Б. алып келинген. Ал уулун коргоо үчүн күнөөнү мойнуна алган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө рулда уулу болгону аныкталган.
Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Нарын: шаарга чукул жердеги үрөй учурган автокырсыктан бир киши көз жумду. Сүрөт