Чүй ооруканасы: кыздын дарыгерди сабап, муунткан учурунун видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Интернет айдыңында имараттын ичинде ак халатчан медикти жаш кыз сабап, дубалга такап алып муунтуп, ортодо дагы бир кызматкер шашкалактап чуркап жүргөн видео тарады.
Бул боюнча Чүй облустук милициясы маалымат берип, окуя Чүй облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө 19-августта саат таңкы 04.00дөр чамасында болгонун билдирди.
Жабырланган 27 жаштагы дарыгер З.А. Чүй облустук милициясына И.Ж. аттуу кызга чара көрүү боюнча кайрылган соң Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголгон.
Аталган башкармалыктан окуянын чоо-жайын да айтып беришти.
19-августта саат 01:00 чамасында Чүй облустук ооруканасына 21 жаштагы кыз ичимдикке ууланып түшкөн. Ал үч сааттан кийин эсине келип, кетүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер аны туугандары келмейинче чыгара албастыгын айткан. Кыз буга ачууланып, реаниматологго кол көтөрүп, андан соң ооруканадан чыгып кеткен.
Милиция шектүүнү таап, бөлүмгө алып келген. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, бул кыздын кылыктарына тиешелүү чара көрүлөрүн айтышты. Иликтөө жүрүп жатат.
Медиктерге кол көтөргөндөрдү 8 жылга чейин кесүү каралууда. Мыйзам долбоору