22-августка карата аба ырайы

22-августка караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 22-август, бейшембиде, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +23…+28, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градуска чамалап барат.
Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +33...+35 градус болсо, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Эми 40 градус ысык болбойт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу