21-августка карата аба ырайы

21-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. 21-август, шаршембиде, күндүз өрөөндөрдө күн ачык болот. Ал эми тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күнкүрөшү мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22...+27 градуска жетет.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +30...+32, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүгө акы алуу мыйзамы күчүнө кирди