Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Эл өкүлү депутаттыктан өз ыктыяры менен баш тартып арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылды. Чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында кабыл алган.
Абдалиев депутаттыктан өз ыктыяры менен баш тартып арыз жазганы белгилүү болду. Анын ордуна тизме боюнча Арсланбек Эгембердиев эл өкүлү болуп келмекчи.
Мейкинбек Абдалиев 1976-жылы 11-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган.
Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты