Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: украиндер аскердик автоунааларды өрттөп, мобилизацияга каршылык кылууда

Машиналарды негизинен аскерге барууну каалабаган өспүрүмдөр менен жаштар өрттөп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Украинанын жашоочулары аскердик автоунааларды өрттөп, мобилизацияга каршылыгын көрсөтүп жатышканын Al Mayadeen телеканалы жазды.
"Украинанын полициясы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин техникаларына өрт коюлганы тууралуу маалыматтарды күн сайын берип жатышат. Аскер кызматкерлери түндө көчөдө машиналарын токтотуп кеткенден кооптонуп, полициянын бөлүмдөрүнүн жанына калтырууда. Бирок бул дагы жардам бербей калып жатат", — деп жазылган басылманын маалыматында.
Транспортторду негизинен аскерге барууну каалабаган өспүрүмдөр менен жаштар өрттөп жатканы айтылды. Материалдын автору Украина Куралдуу күчтөрүнүн командирлеринин бири өрт койгондорду атууну сунуштаганын эске салды.
Украинада мобилизацияны күчөтүү боюнча мыйзам 18-майда иштей баштаган. Документ күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде бардык аскерге милдеттүүлөр аскер комиссариатынан өз маалыматтарын тактоого милдеттүү. Чакыруу кагазы адамдын колуна берилбесе да тапшырылган болуп эсептелет. Мыйзамда тийиштүү курактагы эркектер аскердик билетти дайыма жанында алып жүрүүсү жана аны талап кылынганда көрсөтүш керектиги белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМКлар Украинада 800 миңдей адам мобилизациядан жашырынып жүргөнүн жазышууда