Апийимди 15 миң долларга баалап... Милиция Оштон шектүүнү кармады. Видео

Шектүү баңгизатты катылган жерден алып турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. ИИМ Ошто жергиликтүү тургундан 15 миң долларга бааланган 1,5 килограмм апийим табылды деп билдирди.
Баңгизатты ал катылган жерден алып турган деп айтышты. Шектүү апийимди Ош шаарында жашырып, ал эми баңгизат үчүн болгон 15 000 долларды Кара-Суу районунда алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 1 килограмм 514 грамм салмактагы апийим экендиги такталган.
1 / 2

ИИМ Ошто жергиликтүү тургундан 15 миң долларга бааланган 1,5 килограмм апийим табылды деп билдирди

2 / 2

Баңгизатты ал катылган жерден алып турган деп айтышты

Кылмышка шектүү 39 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Болгарияга Кыргызстандан барган жүктөн баңгизат табылганбы? ИИМдин жообу